ОшМУнун Конфуций институтунда кытай салттуу кол өнөрчүлүгүнө арналган сынак өттү
04:46
18-04-2026
38
ОшМУнун Конфуций институту тарабынан кытайдын салттуу кол өнөрчүлүгүнө арналган чыгармачыл сынак уюштурулду. Иш-чаранын максаты — кытай маданиятын жайылтуу жана студенттер арасындагы маданий алмашууну өнүктүрүү болду.
Сынакка катышкан студенттер өздөрүнүн ар түрдүү эмгектерин, анын ичинде Улуу дубалдын моделин, эмаль ыкмасы менен жасалган сүрөттөрдү жана салттуу кытай чырактарын тартуулашты.
Жыйынтыгында мыкты эмгектер тандалып, жеңүүчүлөр сыйланды. Бул иш-чара студенттердин чыгармачылыгын өнүктүрүүгө жана кытай маданияты тууралуу билимдерин тереңдетүүгө өбөлгө түздү.