2026-жылдын 9-11-апрель күндөрү бекитилген графикке ылайык ОшМУнун курулуш колледжинин жумуш берүүчүлөрү жана бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуу өткөрүлдү
14:01
18-04-2026
146
2026-жылдын 9-11-апрель күндөрү бекитилген графикке ылайык ОшМУнун курулуш колледжинин жумуш берүүчүлөрү жана бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушуунун күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды:
1. Кызыктар тараптардан сурамжылоо уюштуруу; дирекция
2. Адистиктердин негизги кесиптик билим берүү программаларына киргизилген өзгөртүүлөр, толуктоолор боюнча; бөлүм башчы
3. Адистиктердин окуу пландарындагы элективдик бөлүктөгү дисциплиналарды презентациялоо; программа башчысы
4. Талкуу;
5. Жыйынтыктоо.
Жолугушуунун жыйынтыгында адистиктердин окуу пландарындагы элективдик бөлүктүн дисциплиналары аныкталды. Колледждин директору Н.К. Чомоев кызыктар тараптарга берген сунуштары үчүн ыраазычылык билдирип, активдүү кызматташууга чакырды.
https://base.oshsu.kg/resurs/images/original/PNG-20260418135938-construct_college.png