Жанылыктар

Дуалдык окутуу ИПКда

Дуалдык окутуу ИПКда. Ош мамлекеттик университетинин Индустриалдык-педагогикалык колледжинде билим алып жаткан студенттер үчүн дуалдык окутуу системасы ийгиликтүү ишке ашырылууда. Атап айтканда, «Башталгыч класстарда окутуу» жана «Башталгыч класстарда окутуу (эксперименталдык)» адистиктери боюнча 9 база 2-курс жана 11 база 1-курстун жалпы 551 студенти Ош шаарындагы жалпы билим берүүчү мектептерге жиберилип, кесиптик практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүдө. Дуалдык окутуунун алкагында студенттер теориялык билимдерин практика менен айкалыштырып, келечектеги мугалим катары кесиптик компетенцияларын калыптандырууга мүмкүнчүлүк алышууда. Бул ыкма билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана эмгек рыногунун талаптарына жооп берген адистерди даярдоого өбөлгө түзөт. Учурда студенттер төмөнкү билим берүү мекемелеринде практикалык ишмердүүлүгүн жүргүзүшүүдө: №18 А.Навои атындагы жалпы билим берүү мектеби №52 Кыргыз-Түрк достугу жалпы билим берүү мектеби №71 Жетиген жалпы билим берүү мектеби №16 Кыргызстандын 40 жылдыгы жалпы билим берүү мектеби Б.Калмаматов академиясы №57 Х.Тажиматов атындагы жалпы билим берүү мектеби №50 Ж.Нышанов атындагы жалпы билим берүү мектеби "Юниум" билим берүү комплекси №8 М.Горький атындагы жалпы билим берүү мектеби
122 17:44 18-04-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|