Новости

Дин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу

2026-жылдын 14-апрелинде Ош мамлекеттик университетинин Квалификацияны жогорулатуу институту тарабынан уюштурулган 72 сааттык «Дин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу» курсу ийгиликтүү аяктады. Сертификат тапшыруу аземи Салтанаттуу иш-чара Теология факультетинде өткөрүлүп, ага жогорку окуу жайдын жетекчилиги жана диний тармактын өкүлдөрү катышты. Аземдин кадырлуу коноктору: К. Кожобеков – ОшМУнун ректору; Т. А. Джороев – Квалификацияны жогорулатуу институтунун директору; М. С. Абдыразакович – КМДБнын Илим-изилдөө институтунун директору, доцент; Самидин ажы Атабаев – КМДБнын Ош шаары боюнча өкүлү; Султанали ажы Гапуров – КМДБнын Ош облусу боюнча өкүлү; Фатих Каяжан – Туркия Диянет фондунун директорунун орун басары. Бул окутуу программасы дин кызматкерлеринин заманбап билим деңгээлин көтөрүү, диний баалуулуктарды коомго туура жеткирүү жана мамлекеттик мыйзамдар менен диний ченемдердин айкалышын тереңдетүү максатын көздөйт. Курсту ийгиликтүү аяктаган бардык угуучуларга сертификаттар тапшырылды.
88 04:24 20-04-2026

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|