ИЛИМДИН ЧЕКСИЗ АЙДЫҢЫ АСТАНА ФОРУМУ ЖАНА НАЗАРБАЕВ УНИВЕРСИТЕТИНЕ САЯКАТ
08:43
20-04-2026
113
ОшМУнун STEM инновациялык колледжинин делегациясы Казакстандын борборунда өткөн ири илимий иш-чарага катышып, дүйнөлүк деңгээлдеги билим берүү чөйрөсү менен таанышып кайтты.
Эл аралык форум жана Ляззат Кусаинованын демилгеси.
Иш сапардын алгачкы бөлүгү белгилүү коомдук ишмер, билим берүү тармагынын адиси юридика илимдеринин кандидаты Ляззат Кусаинова тарабынан уюштурулган окуучулардын жана студенттердин Эл аралык илимий форуму менен башталды. Бул форум — КМШ өлкөлөрүнүн таланттуу жаштарынын башын бириктирген, илимге жол ачкан ири аянтча. Ляззат Кусаинованын жетекчилиги астында өткөн бул иш-чара жаш изилдөөчүлөргө тажрыйба алмашууга жана эл аралык байланыштарды курууга зор мүмкүнчүлүк берди.
Форумдун секциялык иштеринде биздин колледждин өкүлдөрү өздөрүнүн актуалдуу баяндамалары менен өзгөчөлөнүштү:
Жасмина Ыманалиева (ТМС-9-1-26 тобунун студенти) — туризм тармагындагы жаш адистерди даярдоодо эл аралык кызматташтыктын ролу тууралуу баяндама жасап, заманбап туризмдин келечегине жаңыча көз караш сунуштады.
Б. А. Абдымомунова (окутуучу) — илимий жетекчи катары экологиялык маданият жана билим берүү мейкиндигин өнүктүрүү маселелерин козгоп, эл аралык эксперттердин жогорку баасына татыды.
Назарбаев Университети жана кыргыз илиминин сыймыгы
Сапардын эң кызыктуу бөлүгү дүйнөлүк стандарттагы Назарбаев Университетине болгон зыярат болду. Бул окуу жай Орто Азиядагы жана Кавказдагы илимдин жана инновациянын флагманы болуп саналат.
Бул университетке болгон сапарда бизди өзгөчө сыймыктануу сезими коштоп жүрдү. Анткени, аталган университеттин жогорку мектебинде биздин мекендешибиз, белгилүү окумуштуу Дүйшөн Шаматов эмгектенет.
Дүйшөн Шаматов тууралуу төмөнкү фактылар ар бир кыргызстандык үчүн сыймыктануу сезимин пайда кылуусу керек:
1. Университеттин 600дөн ашуун дүйнөлүк деңгээлдеги профессорлорунун арасында 4 жыл катары менен "Эң мыкты профессор" наамын бир гана Дүйшөн Шаматов алган. Бул — билим берүү тармагындагы теңдешсиз ийгилик.
2. Кыргыз желегинин желбиреши тууралуу сыймыктануу менен айтууга болот. Анткени, Назарбаев Университетинин төрүндө башка мамлекеттердин желектеринин арасында Кыргызстандын мамлекеттик желеги желбиреп тургандыгы - дал ушул Дүйшөн агайдын илимдеги зор салымына жана жетишкендиктерине берилген өзгөчө урмат-сыйдын белгиси болуп саналат.
Профессор Шаматов менен болгон жолугушуу студенттер үчүн чыныгы мотивация болду. Ал өз сөзүндө илимге кадам таштаган жаштарды ар дайым изденүүгө жана дүйнөлүк деңгээлдеги билимге умтулууга чакырды.
Сапардын жыйынтыгында, бул иш сапар биздин колледждин студенттери үчүн дүйнөлүк илимге ачылган терезе болду. Биз Астанадан жаңы билим, эл аралык сертификаттар жана эң башкысы - "биз дагы дүйнө тааныган окумуштуу боло алабыз" деген чоң ишеним менен кайттык.