News

Илимий жумалыктын алкагында «Журналистика жана коомдук пикир: студенттик изилдөөлөр» аттуу конференция болуп өттү.

Бүгүн, 20-апрель күнү ОшМУнун Педагогика, искусство жана журналистика институтунда «Илим жумалыгынын» алкагында журналистика кафедрасы тарабынан «Журналистика жана коомдук пикир: студенттик изилдөөлөр» аттуу илимий конференция болуп өттү. Иш-чарага агай-эжекелер, студенттер жана жаш изилдөөчүлөр катышып, илимге болгон кызыгууну арттырууга багытталган баяндамалар жасалды. Конференциянын алгачкы баяндамачысы, 4-курстун студенти А. Мамытова,журналистика кафедрасынын башчысы, ф.и.к., доцент Ч.Абдиеванын жетекчилиги алдында "ЭлТР" телеканалынын ишмердүүлүгүн мисал кылып, «Туруктуу өнүгүү максаттарын жайылтууда медианын ролу» темасында баяндама жасады. Ал эми 1-курстун студенти А.Аданбаева ф.и.к., доцент С.Эргешованын жетекчилиги менен «Жашыл экономиканы өнүктүрүүнүн куралдары катары жарнама жана бренд түзүү: Кыргызстандын тажрыйбасы» боюнча баяндама жасады. Катышуучулар студенттердин илимий изденүүсүнө жогору баа берип, журналистиканын коомдук пикирди калыптандыруудагы орду жана реформаларды колдоодогу мааниси белгиленди. Иш-чара суроо-жооп жана талкуу бөлүгү менен жыйынтыкталды. Бул конференция студенттердин илимий изилдөөлөргө болгон кызыгуусун арттырып, журналистиканын коомдогу ордун дагы бир жолу айгинеледи.
46 11:55 20-04-2026

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|