Новости

Аймактык өнүгүү: илим, билим жана практика

Эл аралык илимий конференция. 2026-жылдын 16-апрелинде Ж.Баласагын атындагы КУУнун Баткен институту менен КРнын УИАнын ТБ “КРнын УИАнын ТБнун Медициналык жана биологиялык илим изилдоо институту, А.С.Джаманбаев атындагы Жаратылыш байлыктары институту, Жалал-Абад илимий борбору менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы Жарлыгы менен бекитилген "Улуттук дем - дуйнолук бийиктик" унгу жолу жонундо Жарлыгынын негизинде "Илим, практика жана инновациялар – туруктуу өнүгүүнүн негизги булактары” аттуу эл аралык илимий конференция өткөрүлдү. Бул конференция Баткен облусунун туруктуу өнүгүүсүнө арналды. Конференцияга КРнын УИАнын ТБнун төрагасы, Османакун Ибраимов Ибраимович, Илим изилдоо институттардын, ЖОЖдордун академик, профессорлору, илимпоздору жана СТЕМ инновациялык колледжинин окутуучулары Абдумомунова Бүниса, Садыкбекова Айкөкүл, Абдукадырова Уулжан жана Аманбай кызы Айсулуу катышып доклад окушту. Иш-чаранын алкагында илимпоздор, адистер жана жаш изилдөөчүлөр аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү, инновацияларды киргизүү, экологиялык коопсуздук жана билим берүү маселелери боюнча ой бөлүшүштү.
108 09:59 21-04-2026

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|