Жанылыктар

Ачык сабак

2026-жылдын 21-апрелинде «Физика, математика» бөлүмүнүн окутуучусу Кадырова Асалкан «Финансы жана кредит» адистигинин 9-база, 1-курсунун студенттери үчүн математика сабагынан «Пирамиданын жана кесилген пирамиданын көлөмдөрү» темасында ачык сабак өттү. Ачык сабакка Абдылдаева Айгүл, Абдимиталипова Зейнура жана Бакалбай кызы Гулина катышышты. Сабактын жүрүшүндө студенттер пирамиданын көлөмүн табууга байланыштуу маселелерди чыгарышты. Ошондой эле көлөмдүн турмуштагы колдонулушуна байланышкан практикалык тапшырмаларды аткарышты. Студенттер сабакка активдүү катышып, суроолорду берип, берилген тапшырмаларды аткаруу аркылуу өз билимдерин бекемдешти. Сабак коюлган максаттарына жетти.
133 11:40 21-04-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|