2026-жылдын 20–24-апрель күндөрү аталган университеттен келген профессорлор — Cemali Buzlukçu, Sultan Nazmiye Kılıç жана Selin İlsay — ОшМУнун табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунда болушууда.
Иш сапардын жүрүшүндө “Туризм” адистигинин студенттерине заманбап багыттагы лекциялар окулуп, окутуучулар менен биргеликте илимий макалаларды даярдоо жана жарыялоо маселелери талкууланууда. Мындан тышкары, эки жогорку окуу жайдын ортосунда академиялык мобилдүүлүктү кеңейтүү, студенттер менен окутуучулардын алмашуу программаларын өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.
Бул иш-чаралар эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө, билим берүү сапатын жогорулатууга жана туризм тармагында атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоого өбөлгө түзөт.











