Жасалма интеллект бүгүнкү күндө дүйнөнү өзгөртүп жаткан эң маанилүү
технологиялардын бири. Ушул багытта Ош мамлекеттик университетинде
Кытайдын алдыңкы окуу жайларынын бири — Нанкин технологиялык
институтунун өкүлдөрү менен жолугушуу өттү.
Иш-чарага Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар
институтунун, ошондой эле башка факультет, институттардын окутуучулары
жана студенттери активдүү катышты.
Конок лекцияны жасалма интеллект факультетинин деканы Zhu Hao жана
илимий борбордун директору Zhezhe Han өткөрүп, AI тармагындагы акыркы
жаңылыктар, инновациялар жана дүйнөлүк тажрыйба тууралуу кеңири маалымат
беришти.
Жолугушуу катышуучулар үчүн жаңы идеяларга дем берип, билим деңгээлин
кеңейтүүгө чоң мүмкүнчүлүк жаратты.
Мындай иш-чаралар эл аралык кызматташтыкты бекемдеп, келечектеги ири
долбоорлорго жол ачат.











