Haber

"Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик" уңгужолу

"Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик" уңгужолу Колледждер аралык демилгелүү иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы ПЖ № 369 «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу Жарлыгынын алкагында колледждер аралык "Тамырыбыз терең - канатыбыз бийик" аталышындагы интеллектуалдык таймаш өткөрүлдү. Таймашка ОшМУнун финансы-юридикалык колледжинин жана ОшТУнун социалдык- технологиялык колледжинин студенттери катышып, интеллектуалдык деңгээлдерин жана сахналык маданиятын көрсөтүштү. Иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, калыстар тобу студенттердин даярдыгына жана тапшырмалардын мазмундуулугуна баа беришти. Жыйынтыгында ОшМУнун финансы-юридикалык колледжинин студенттери жеңишке жетишти. Иш-чараны ФЮКтун табигый илимдер ПЦКсынын окутуучулары Б. Т. Апышова, Н. А. Сеитбекова, Г. А. Сулайманова жана ОшТУнун окутуучусу Бегимай Надилбек кызы уюштурушту. “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик" уңгужолу программасынын алкагындагы мындай иш-чаралар келечекте да улантылып, жаштардын интеллектуалдык жана руханий өсүшүнө салым кошот деп ишенебиз.
114 04:46 22-04-2026

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|