Жанылыктар

ЭАББП колледжинде математика боюнча ачык сабак өткөрүлдү

2026-жылдын 13-ноябрында Эл аралык билим берүү программаларынын (ЭАББП) колледжинде Физика,математика ПЦКсынын окутуучусу Рамина Туленбаева АЯс9-2-25 тайпасына Математика предметинен кезектеги ачык практикалык сабагын өткөрдү. Сабактын темасы — «Тригонометриялык теңдемелерди чыгаруу». Сабактын башталышында улуу илимпоз Г. Галилейдин учкул сөздөрү шилтеме катары колдонулуп, бул кадам студенттерди илимге жана логикалык ой жүгүртүүгө шыктандырды. Окутуучу сабакты заманбап технологиялар менен айкалыштырып, LearningApps программасы аркылуу интерактивдүү "мээ чабуулун" уюштурду. Бул формат студенттердин теманы кызыгуу менен кабыл алуусуна жана өтүлгөн материалды тез кайталоого өбөлгө түздү. Сабактын жүрүшүндө студенттер өздөрү даярдап келген презентацияларын тартуулашып, терең изденүүлөрүн көрсөтө алышты. Жаңы теманы түшүндүрүүдө Р. Туленбаева санариптик каражаттар менен доскадагы практикалык ишти чеберчилик менен айкалыштырды. Айрыкча, бышыктоо этабында мисалдардын татаалдык деңгээлине жараша бөлүнүшү ар бир студенттин өз алдынча иштөөсүнө жана калыс баа алуусуна шарт түздү. Ачык сабакка ФМ циклынын усулдук кеңешинин жетекчиси У.Г. Кожобекова жана окутуучулар А. Арыков, А. Тойчуева, М. Бекиева катышышты. Сабактын аягында кесиптештер арасында талкуу жүрүп, окутуучунун методикалык чеберчилиги, так дикциясы жана студенттер менен болгон тыгыз байланышы өзгөчө белгиленди. Жыйынтыгында, сабак коюлган максаттарына толук жетип, окуу программасына жана календардык планга ылайык жогорку деңгээлде өттү деп табылды.
118 07:14 22-04-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|