Haber

Бишкекте жаңы китептердин бет ачары өттү

Бишкек шаарындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында
«Жасалма интеллектке киришүү» жана «Биг датага киришүү» аттуу эки китептин расмий бет ачары болуп өттү.
Бул эмгектер Ош мамлекеттик университети менен Нанкин технологиялык институтунун окутуучулары жана профессорлору тарабынан биргелешип даярдалып, Кытайдын Phoenix Publishing Group басма үйү тарабынан жарык көрдү.
Китептин авторлору (ОшМУдан):
— К.Г. Кожобеков — ОшМУнун ректору, профессор
— Б.А. Азимов — МФТИТ институтунун директору, доцент
— Т.М. Жолдошов — КМИГД кафедрасынын башчысы, доцент
— Т. Умаров — Next Generation Hub директору
Иш-чарага Кытай Элчилигинин өкүлдөрү, китепкананын жетекчилиги, Кытайдан келген окумуштуулар, «Феникс» басма борборунун генералдык директору, кызматкерлери жана ОшМУнун МФТИТ институтунун директору Бектур Азимов катышып, сөз сүйлөдү.
Ачылышта куттуктоо сөздөр айтылып, кызматташтыкка жана биргелешкен эмгекке ыраазычылык билдирилди.
137 09:46 22-04-2026

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|