Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык медицина факультетинин окутуучулары Иманалы К., Жумаева А., Маматова Р., Ойчиева Б. Кокон университетине иш сапары менен барып, тажрыйба алмашты. Алар окуу процесси, студенттердин практикалык сабактары жана заманбап окутуу ыкмалары менен таанышышты. Университеттин материалдык базасы жогору бааланып, келечектеги кызматташуу маселелери талкууланды. Бул сапар кесиптик өнүгүүгө салым кошту.