Жанылыктар

Жасалма интеллект жана санариптик технологиялар: эл аралык кызматташтык жана илимий өнүгүү

**2026-жылдын 16-17–18-апрелинде** Өзбекстандын **ZARMED University** окуу жайында **«Жасалма интеллектти жана санариптик технологияларды өнүктүрүүнүн келечеги»** аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференциянын алкагында жасалма интеллектти билим берүү, медицина, экономика жана башка тармактарда колдонуунун актуалдуу маселелери, ошондой эле инновациялык чечимдер жана технологиялык өнүгүүнүн келечеги каралды. Конференцияда ОшМУнун окутуучусу Токторбаева Гүлсүн Полотовна «Кавитациялык түзүлүштүн иштөө режимдерин болжолдоо жана оптималдаштыруу үчүн математикалык моделди иштеп чыгуу». аталышындагы темада доклад окуду. Мындан тышкары, ZARMED University окуу жайынын студенттери үчүн конок лекция окудум жана сертификат алып келдим. Мына ушундай иш-чараларга катышуу илимий кызматташтыкты өнүктүрүүгө, тажрыйба алмашууга жана окуу процессине заманбап технологияларды интеграциялоого өбөлгө түзөт.
110 08:37 23-04-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|