ТЮИнин мугалимдери КУУнун Ош филиалынын Гуманитардык-табигый илимдер факультетинде конок лекцияда
09:30
23-04-2026
114
17.04.2026- жылы окутуучулардын ички академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Тарых-юридика институттун Жарандык укук жана процесси кафедрасынын окутуучулары тарабынан Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Ош филиалынын Гуманитардык-табигый илимдер факультетинде конок лекция өткөрүлдү.
Иш-чарага 2–3-курстун студенттери катышып, сунушталган темаларга чоң кызыгуу көрсөтүштү. Лекциянын жүрүшүндө студенттер активдүү суроолорду берип, талкууларга катышып, окутуучулар менен пикир алышышты.
Бул конок лекция билим жана тажрыйба алмашуу үчүн маанилүү аянтча болуп, каралган темалардын актуалдуулугун дагы бир жолу тастыктады. Иш-чара окутуучулардын мобилдүүлүк программасынын алкагында мазмундуу жана өз убагында өткөрүлдү.
Лекциялар менен төмөнкү окутуучулар чыгышты:
Истамкулов Жапар Ибайдиллаевич юридика илимдерини кандидаты, доцент
Тема: “Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча жаратылыш ресурстарына менчик укугу”
• Шоокумова Динара Пайизбековна юридика илимдерини кандидаты, доцент
Тема: “Жумушчулардын жана жумуш берүүчүлөрдүн материалдык жоопкерчиликтери”
* Жаасынбек кызы Айнура юридика илимдеринин кандидаты, улук окутуучу, Тема: «Үй-бүлө институту: нике, үй-бүлөлүк укуктук мамилелер»
* Мананова Айжамал Жусупалиевна улук окутуучу,
Тема: «Ата- энелердин жана балдардын укук- милдеттери”
Конок лекция коюлган максаттарына жетип, жогорку деңгээлде өтүп жана жемиштүү жыйынтыкталды.