Медициналык факультетинде аскердик токсикология боюнча олимпиада болуп өттү.
11:33
23-04-2026
109
Өмүр үчүн күрөш: ОшМУнун медициналык факультетинде аскердик токсикология боюнча олимпиада өттү
2026-жылдын 22-апрелинде «Аскердик-медициналык даярдоо жана өмүр коопсуздугу» кафедрасы «Дарылоо иши» адистигинин 3-курс студенттери арасында «УУ ЖАНА ӨМҮР» темасында предметтик олимпиада өткөрдү.
Иш-чараны медициналык факультеттин деканы, м.и.к., доцент Мамашарипов К.М. жана кафедранын башчысы, м.и.к., доцент Орозматов Т.Т. ачышты. Алар өз сөздөрүндө азыркы шартта токсикологиялык коркунучтардан коргонуу көндүмдөрү жөн гана окуу дисциплинасы эмес, болочок дарыгер үчүн өтө маанилүү кесиптик компетенция экенин белгилешти.
Калыстар тобу:
1. Аскердик госпиталдын командири: полковник,Курманкулов А.Ш.
2. ОшМУнун АЧД предметинин окутуучусу, камдагы полковник. Кебеков А.Т.
3. ӨКМ Ош шаардык инспетору ст.лейтенант. Балтабаев Н.
4. ӨКМ Ош шаардык караул башчысы. лейтенант Кушбаков К.
Жеңишке карай жол: сыноонун 4 этабы
Олимпиаданын программасы аскердик дарыгердин чыныгы иш шарттарына мүмкүн болушунча жакындатылып, төмөнкүдөй татаал тапшырмаларды камтыды:
1. «Токсикологиялык десант»
Командалар өздөрүнүн визиттик карточкаларын сунушташты. Калыстар тобу чыгармачыл мамилени, медицина тарыхын билүүнү жана медициналык этикага берилгендикти баалады.
2. «Аман калуу алгоритми»
Видеороликтер сынагынын алкагында студенттер химиялык жабыркоо очокторунда биринчи дарыгерлик жардам көрсөтүүнү көрсөтүштү. ФОУЗтан тартып психотомиметиктерге чейин катышуучулар ЖККны жана антидоттук терапияны колдонуу чеберчилигин даана чагылдырышты.
3. «Клиникалык детектив»
Кейс-стади форматында болочок дарыгерлер анамнез боюнча ууландыруучу заттын түрүн аныктап, жеке аптечканын (АИ) курамын түзүп, баштапкы документацияны (100-форма) толтурушту.
4. «Тосмо коргонуу»
Эң динамикалуу этап болду. Студенттер ылдамдык жана герметикалуулук боюнча жарышып, импровизацияланган «ууланган» атмосфера шартында противогаздарды жана жалпы аскердик коргоочу кийимдерди (ОЗК) кийишти.
Жыйынтык жана сыйлоо
Күрөш тең ата өтүп, студенттердин даярдык деңгээли эксперттик комиссия тарабынан жогору бааланды. Бардык сынактардын жыйынтыгы боюнча орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
1. ЛК-17-23 агымынын “Токсиктер” командасы Гран-при
2. ЛБ-3-23 агымынын “Цианид” командасы 1-орун
3. ЛК-16-23 агымынын “Детокс” командасы 2-орун
4. ЛК-13-23 агымынын «BZ» командасы жана ЛБ-1-23 агымынын «VX» командасы 3-орунга ээ болушуп диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты
«Олимпиада биздин студенттер эң экстремалдуу кырдаалдарда да тез жана кесипкөйлүк менен аракеттенүүгө даяр экенин көрсөттү. Теманын аталышындагы “уу” — бул чакырык, ал эми “өмүр” — алардын медик катары туура аракеттеринин жыйынтыгы», — деп белгилешти уюштуруучулар жабылуу аземинде.