Новости

Курулуш колледжинин математика мугалими Шайыр Дүйшөбаева Ош шаарындагы Мурас инновациялык колледжинде

Курулуш колледжинин математика мугалими Шайыр Дүйшөбаева Ош шаарындагы Мурас инновациялык колледжинде "n даражадагы тамырлар жана анын касиеттери" темасында конок катары чакырылып, студенттерге лекция окуп берди. Окулган лекция бүгүнкү күндөгү математика илиминин актуалдуулугу келечектеги технологиянын өнүгүүсүнө кошкон салымы боюнча студенттердин арасында кызуу талкуу жаратып, абдан жемиштүү болду. Жыйынтыгында аталган колледждин директору А. Караев лекторго алкышын айтып, ыраазычылык кат менен сыйлады.
99 04:42 24-04-2026

                 

Новости

|< 1 2 3 >|