Кыргызстандагы окуу жайлар ортосунда тажрыйба алмашуу максатында, финансы-юридикалык колледжинин табият таануу ПЦКсынын окутуучулары ф.и.к. Б. Апышова, окутуучулар Г. Сулайманова, И. Юсупова академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтуна 2026-жылдын 21-22-23-апрелинде конок лекция окуп келишти.
Аталган окутуучулар ОшТУнун Өзгөндөгү институтуна барып, студенттер үчүн алардын тандаган кесибине багытталган заманбап темаларда конок лекцияларды өтүштү. Лекциялардын жүрүшүндө теориялык билимдер практикалык мисалдар менен айкалыштырылып, студенттердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга өзгөчө басым жасалды.
Жыйынтыгында, бул академиялык мобилдүүлүк программасы билим берүүдөгү интеграцияны күчөтүү менен бирге, болочоктогу адистердин дүйнө таанымын кеңейтүүгө жана тажрыйба алмашуу маданиятын калыптандырууга чоң салым кошту. Окуу жайлар ортосундагы мындай кызматташтык мындан ары да улантыла тургандыгы белгиленди.