Бүгүн 22.04.2026 ж ОшМУнун медицина факультетинде «Хирургиялык оорулар жана жалпы хирургия» кафедраларында «Endo Med» аталышындагы студенттик кружоктун алкагында тайпалар аралык олимпиада жогорку деңгээлде өткөрүлдү.
06:24
24-04-2026
70

Иш-чарага катышкан студенттер төрт тайпага бөлүнүп, өз билимдерин, клиникалык ой жүгүртүүсүн жана практикалык көндүмдөрүн көрсөтүүдө активдүүлүк менен күч сынашты. Олимпиада кызыктуу жана атаандаштык маанайда өтүп, катышуучулар өздөрүнүн мыкты даярдыгын далилдей алышты.
Жыйынтыгында өзгөчө айырмаланган тайпалар аныкталып, жеңүүчүлөргө грамота жана баалуу сыйлыктар тапшырылды.
Аталган иш-чара кафедра башчылары — м.и.д., доцент Токтосунов А.С. жана м.и.д., профессор Ыдырысов И.Т. тарабынан жогорку деңгээлде уюштурулуп, студенттер үчүн пайдалуу жана таасирдүү болду.