520200 – Биология программасынын PhD-докторанты Түркия мамлекетинде илимий стажировкада
09:26
24-04-2026
65
2026-жылдын 20-апрелинен 17-майына чейин Ош мамлекеттик университетинин Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун 520200 – Биология билим берүү программасынын PhD-докторанты Мамырова Гулайым Абдукаюмовна Түркия Республикасынын Самсунг шаарында Онтогуз Майыс университетинде (Ondokuz Mayıs University) чет өлкөлүк илимий-изилдөө стажировкасынын алкагында лабораториялык анализдерди жүргүзүүдө.
Стажировка ата мекендик илимий жетекчи – б.и.к., доцент Молдалиев Жоомарт Тумакович (Ош мамлекеттик университети) жана чет өлкөлүк илимий жетекчи – Assoc. Prof. Dr. Yılmaz Kaya (Ondokuz Mayıs University) менен биргеликте ишке ашырылууда.
Бул стажировка Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы №517 токтому менен бекитилген “Жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүүнүн PhD/тармак боюнча докторантурасын уюштуруу жана философия доктору (PhD)/тармак боюнча доктор окумуштуулук даражасын ыйгаруу тартибинин” 17-пунктуна ылайык жүргүзүлүүдө. Ага ылайык, PhD-докторант окуу процессинин жүрүшүндө эки жумадан кем эмес мөөнөткө чет өлкөлүк илимий-изилдөө стажировкадан жана/же практикадан өтүүгө милдеттүү.
Илимий стажировка докторанттын кесиптик компетенцияларын өнүктүрүүгө, академиялык тажрыйба алмашууга, заманбап лабораториялык ыкмаларды өздөштүрүүгө жана илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө багытталган. Программанын алкагында докторант диссертациялык ишинин темасы боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүп, илимий консультацияларга катышып, актуалдуу илимий маселелерди талкуулап жатат.
Учурда Assoc. Prof. Dr. Yılmaz Kaya өзүнүн илимий тажрыйбасы менен бөлүшүүдө. Стажировка докторанттын илимий ишинин сапатын жогорулатууга жана жогорку окуу жайлар аралык академиялык кызматташтыкты бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
Стажировканын жыйынтыгы боюнча докторант өзүнүн илимий иштери тууралуу отчетту тиешелүү кафедрада тапшырат.