News

«Илим – келечектин негизи!» аттуу Илим күнү өткөрүлдү

2026-жылдын 23-апрелинде Ош мамлекеттик университетинин Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар (ТДТАТ) институтунун Химия жана химиялык технологиялар кафедрасында «Илим – келечектин негизи!» урааны алдында Илим күнү жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

Иш-чараны институттун директорунун илимий иштер боюнча орун басары, б.и.к., доцент Юлдашева Алия Мамасыдыковна ачып, илимдин өнүгүүдөгү ролу жана жаштардын изилдөө ишмердүүлүгүнүн мааниси тууралуу белгиледи.

Куттуктоо сөзү менен кафедра башчысы, х.и.к., доцент Гаффорова Х.И. чыгып, студенттерге ийгиликтерди каалады. Ошондой эле профессордук-окутуучулук курамдын өкүлдөрү сөз сүйлөп, жаш изилдөөчүлөргө дем-күч берип, алардын илимий иштерине ийгиликтерди каалашты.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер актуалдуу темаларда баяндамаларын сунуштап, өздөрүнүн илимий потенциалын көрсөтүштү. Атап айтканда, ХЭК(б)-1-25 тайпасынын студенттери Курбанова Гулина жана Мамаюнусова Айдана (жетекчиси: доцент Кеңешов Б.М.) өздөрүнүн экологиялык жана илимий долбоорлорун тааныштырышты.

Ошондой эле Таштанова Нуриза «Кыргыз Республикасынын химиялык-экологиялык көйгөйлөрү жана аларды чечүү жолдору» аттуу темада баяндама жасап (жетекчиси: доцент Гаффорова Х.И.), катышуучулардын кызыгуусун жаратты.

Өткөрүлгөн Илим күнү студенттердин илимге болгон кызыгуусун арттырып, алардын изилдөөчүлүк жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө түздү.

108 11:08 24-04-2026

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|