News

你怎么不吃了 деген темада ачык саат өтүлдү

2025–2026 окуу жылындагы “ОшМУнун заманбап окутуучусу” конкурсу негизинде 2026-жылдын 20-апрелинде Кыргыз–Кытай факультетинде «Кесиптик кытай тили» дисциплинасы боюнча ачык практикалык сабак өткөрүлдү. Сабакты окутуучу Таштанова Мээримбү Махмуджановна илимий-методикалык талаптарга ылайык жогорку деңгээлде уюштуруп, натыйжалуу алып барды. Ачык сабактын жүрүшүндө заманбап педагогикалык ыкмалар, өзгөчө интерактивдүү методдор кеңири жана максаттуу колдонулуп, студенттердин окуу процессине болгон кызыгуусун арттырууга жана алардын активдүү катышуусун камсыз кылууга шарт түздү. Сабактын мазмуну логикалык жактан ырааттуу түзүлүп, теориялык билимдер практикалык тапшырмалар менен тыгыз айкалышта берилди. Жыйынтыгында, сабак жогорку уюштуруучулук жана методикалык деңгээлде өткөрүлүп, билим берүү процессинде инновациялык ыкмаларды колдонуу боюнча натыйжалуу тажрыйба катары бааланды.
56 06:54 25-04-2026

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|