Илимий жумалыктын алкагында педагогика кафедрасында конференция уюштурулду
07:32
25-04-2026
58
23-апрель күнү илимий жумалыктын алкагында педагогика кафедрасы тарабынан “Көп баскычтуу билим берүү шартында заманбап мугалимдерди даярдоо маселелери” аттуу илимий конференция уюштурулду.
Илимий конференцияга кафедранын докторлору, доценттери, окутуучулары, илимий изилдөөчүлөр, ошондой эле ОшМУнун педагогикалык багыттагы адистиктеринде билим алып жаткан студенттер жана магистранттар илимий макалалары менен катышып, мазмундуу баяндамаларды жасашты.
Каралган критерийлердин негизинде мыкты илимий баяндалары үчүн;
I даражадагы дипломго Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун “Кыргыз тили жана адабияты” адистигинин студенти Г. Абсаттарова (жетекчиси: окутуучу А. Жусупова) ээ болду.
II даражадагы дипломго Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун “Орус тили жана адабияты” адистигинин студенти Жалалова Каныкей (жетекчиси: улук окутуучу Г. Жакупова) жана МФТжИТИнин “Физика” адистигинин студенти Кубатбек кызы Каныкей (жетекчиси: п.и.к, доцент Ж. Айдарова) татыктуу болушту.
III даражадагы дипломго Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун “Чет тили” адистигинин студенттери Сулайманова Айжанат ( жетекчиси: улук окутуучу Б. Сапарова) жана Сулайманова Салия (жетекчиси: окутуучу М. Сүйүнбаева) ээ болушту. Жалпы баяндамачыларга кафедра башчы Г.Жутанова ыраазычылык баракчасын тапшырды. Конференциянын уюштуруучусу, ф.и.д., профессор А. Эшиевге терең ыраазычылык билдиребиз!