News

Илимий-практикалык конференция (25.04.26)

Теология факультетинин деканы, доцент Арипов Ниязали Турдалиевич Өзбекстан Республикасынын Жогорку билим, илим жана инновациялар министрлигине караштуу “Экономика жана педагогика университети” тарабынан уюштурулган “Глобалдашуу процессинде билим берүү, илим, технология жана жасалма интеллекттин орду” аттуу республикалык илимий-практикалык конференцияга 2026-жылдын 24-апрелинде Андижан облусунун Алтынкөл районунда конок катары катышты. Конференциянын жүрүшүндө билим берүү, илим, заманбап технологиялар жана жасалма интеллекттин ролу, алардын глобалдашуу шартындагы өнүгүү тенденциялары кеңири талкууланды. Иш-чарада ар кыл жогорку окуу жайлардын окумуштуулары жана адистери тарабынан мазмундуу баяндамалар жасалды.
68 11:23 25-04-2026

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|