ОшМУнун Кесиптик бирлик комитетинин колдоосу менен «Дүйнө элдеринин маданияты» фестивалы уюштурулду
14:57
26-04-2026
25
2026-жылдын 21-апрелинде Ош мамлекеттик университетинин башкы корпусунда «Дүйнө элдеринин маданияты» фестивалы өттү. Иш-чара эл аралык байланыштар бөлүмү тарабынан, ОшМУнун Кесиптик бирлик комитетинин колдоосу менен уюштурулду.
Фестивалдын максаты — элдердин маданияты, каада-салты, искусствосу жана улуттук тамак-ашы менен таанышуу аркылуу маданияттар аралык диалогду бекемдөө, өз ара түшүнүшүүнү өнүктүрүү жана студенттердин дүйнө таанымын кеңейтүү болуп саналат.
Иш-чарага Казакстан, Россия Федерациясы жана Өзбекстан Республикасынын Ош шаарындагы башкы консулдары, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү, Кыргызстан элдеринин ассамблеясы, Ош шаарындагы Орусия илим жана маданият үйү жана Түркиянын Балыкесир университетинин өкүлдөрү катышты.
Программа этно-музыка жана манасчынын чыгармасы менен башталып, андан соң ОшМУнун ректору куттуктоо сөз сүйлөдү. Ошондой эле фестивалдын максаттары жана ардактуу коноктор тааныштырылды.
Иш-чаранын негизги бөлүктөрүнүн бири — студенттердин улуттук кийимдерди көрсөтүү парады болду. Андан кийин дүйнө элдеринин маданиятын чагылдырган студенттик көргөзмө уюштурулду.
Чыгармачылык бөлүгүндө студенттер араб өлкөлөрүнүн, Германиянын, Индиянын, Испаниянын, Казакстандын, Кытайдын, Кореянын, Кыргызстандын, Россиянын, АКШнын, Тажикстандын, Түркиянын, Өзбекстандын, Франциянын жана Япониянын маданияттарына арналган музыкалык, бий жана театрлаштырылган номерлерди тартуулашты.
Иш-чара жыйынтыкталып, катышуучуларды сыйлоо аземи менен аяктады. Уюштуруучулар студенттердин жогорку даярдыгын белгилеп, мындай иш-чаралар эл аралык кызматташтыкты жана маданияттар аралык байланыштарды өнүктүрүүгө чоң салым кошорун баса белгилешти.