Haber

Ош шаарында “Ден соолук жана Биримдик” марафону өткөрүлдү

2026-жылдын 25-апрелде Ош шаарында "Ден соолук жана Биримдик" аттуу масштабдуу профсоюздук марафон өткөрүлдү. Бул маанилүү иш-чара Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясы жана Ош шаарынын мэриясы менен биргеликте уюштурулду. Марафонго жалпысынан 1000ден ашык эмгекчи катышып, алардын баары кесиптик бирликтердин мүчөлөрү болду. Алар менен биргеликте 100дөн ашуун Ош мамлекеттик университетинин профсоюз комитетинин мүчөлөрү да катышып, жөө күлүктөр көптөгөн байгелерге ээ болду. Бул талап иш-чаранын өзгөчөлүгүн белгилеп, профсоюздардын биримдигин жана уюшкандыгын дагы бир жолу көрсөттү. Марафондун негизги максаты-сергек жашоо образын жайылтуу, эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо жана алардын ортосундагы достук мамилени бекемдөө болду. Марафондун жүрүшүндө катышуучулар үчүн кызыктуу оюн-зоок программалар, флешмобдор жана маданий иш-чаралар уюштурулду. Айрыкча баалуу белектердин ойнотулушу катышуучулардын маанайын көтөрүп, иш-чарага кошумча шаң кошту. Жеңүүчүлөр жана активдүү катышуучулар атайын сыйлыктар жана дипломдор менен сыйланышты. Иш-чаранын жалпы атмосферасы өтө позитивдүү, динамикалуу жана шыктандыруучу болду. Катышуучулар бир командадай болуп, бири-бирин колдоп, биримдиктин чыныгы үлгүсүн көрсөтүштү. Бул күн көпчүлүк үчүн унутулгус спорттук иш-чара болду.
23 15:01 26-04-2026

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|