Haber

Нурматов Курсанбек Маматказыевичтин жаркын элесине арналган волейбол мелдеши өткөрүлдү

Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ардактуу профессору, Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана билим берүү тармагына эмгек сиңирген устат, агайыбыз Нурматов Курсанбек Маматказыевичтин жаркын элесине арналган волейбол мелдеши өткөрүлдү. Иш-чарага агайыбыздын классташтары, курсташтары жана кесиптештери катышып, анын бай эмгек жолу, педагогдук ишмердиги жана адамгерчилиги терең эскерилди. Ошондой эле иш-чаранын алкагында Ош мамлекеттик университетинин ректору К.Г. Кожобеков тарабынан К.Нурматов агайдын өмүрлүк жары, мурдагы китепканачы Нарматова Гүлжамал Абдуллаевна «ОшМУнун эмгек сиңирген ишмери» төш белгиси менен сыйланды.
19 15:07 26-04-2026

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|