Унгужолу-улуттук баалуулуктар: тарыхы, учурдагы абалы жана келечеги" аттуу илимий-маданий иш-чара
03:13
27-04-2026
62
2026-жылдын 24-апрелинде, Тарых-юридика институтунун мамлекеттин, укуктун теориясы жана тарыхы кафедрасы тарабынан илимий жумалыкка арналган "Унгужолу-улуттук баалуулуктар: тарыхы, учурдагы абалы жана келечеги" аттуу илимий-маданий иш-чара болуп өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерге улуттук баалуулуктар, идеология жана өнүккөн коомдогу инсандын ролу боюнча кызыктуу баяндамалар жасалып, көргөзмөлөр уюштурулду. Чакырылган коноктор: ОшМУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору, п.и.к.,доцент-Шарипова Мастурахан Сайпидиновна жана индустриалдык-педагогикалык колледжинин окутуучусу, унгужол насааткери-Солтоев Зарлыкбек Акматбековичтер "Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик" унгужолу боюнча кызыктуу маалыматтар менен бөлүштү.