Жанылыктар

III Эл аралык биологиялык конгресске катышуу

2026-жылдын 23–25-апрель күндөрү Бишкек шаарында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин уюштуруусунда III Эл аралык биологиялык конгресс болуп өттү.

Бул илимий иш-чарага биология илимдери багытында иш алып барган окутуучулар жана адистер активдүү катышышты. Конгресс ар кайсы өлкөлөрдөн келген илимпоздорду, изилдөөчүлөрдү жана окутуучуларды бириктирип, тажрыйба алмашуу, актуалдуу илимий маселелерди талкуулоо жана заманбап изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын сунуштоо үчүн маанилүү аянтча болду.

Конгресстин жүрүшүндө катышуучулар баяндамалар менен чыгып, илимий секцияларда талкууларга катышышты. Биология, экология жана ага жакын багыттардагы актуалдуу маселелер каралды. Ошондой эле билим берүүдө инновациялык ыкмаларды колдонуу жана жаш окумуштуулардын илимий потенциалын өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучуларга эл аралык деңгээлдеги илимий форумга активдүү катышкандыгын тастыктаган сертификаттар тапшырылды.

Мындай конгресстерге катышуу окутуучулардын илимий деңгээлин жогорулатууга, эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө жана билим берүү менен илимдин өнүгүшүнө чоң салым кошот.

93 07:51 27-04-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|