Haber

20.04. 2025. Тарых-юридика институтунда Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун 2024-жылдын 18декабрындагы (ПЖ) № 369 жарлыгы "Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик" уңгужолу, маданий карым-катнаштар жана Кыргыз АССРинин түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына карата “Аталар мурасы” темалары боюнча менен илимий жумалыктын ачылуу аземи ( илимий конференция) өткөрүлдү. Бул илимий жумалыкты Курбанбаева Н. Н.- Илим жана инновация бөлүмүнүн башчысы, ф.- м.и.к. доцент. Бул илимий жумалыкты ОшМУнун тарых - юридика институтунун директору, ю.и.д., профессор Кулдышева Гулсара Кенжээвна ачып берди. Андан тышкары университетибиздин илим жана инновация бөлүмүнүн башчысы, ф.- м.и.к. доцент Курбанбаева Нуржамал Нажимидиновна институттун окумуштуу- профессордук курамын жана студенттерди кызуу куттуктап, илимий жумалыкта өтүүлүүчү илимий –иш чараларга ийгилик каалады. Бул илимий жумалык та белгилүү окумуштуулар учур талабына ылайык мыкты денгээлдеги илимий баяндамаларды жасашты. 1. Смадияров Сыдык Акунович - Тарых-юридика институту, т.и.к., доцент; Тема: “Автономиялык облустан республикага карай”. 2. Дастанбек Разак уулу - Илим жана инновация бөлүмүнүн жетектөөчү илимий кызматкери, PdD доктор (тарых багыты); Тема: Кыргыз-түрк тарыхый-маданий байланыштары. 3. Жусубалиев Али Бурканович - ОшМУнун теология факультетинин доценти, теология илимдеринин доктору (PhD); Тема: Диний баалуулуктар менен улуттук баалуулуктардын байланыштары. 4.Жолдошов Максатбек Арзимаматович - Тарых-юридика институту ю.и.к., улук окутуучу; Тема: Адат укугу жана анын учурдагы коомдогу орду. Андан тышкары төмөнкү активдүү студенттердин илимий баяндамалары да угулуп, конференциянын жыйынтыгында сертификаттар менен сыйланды 1. Тошпулатова Гулнур – юриспруденция адистигинин Ю(к)-1-3- 2025 агымынын студенти; Тема: Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн тарыхый инсандар. 2. Алмазбек уулу Мыктыбек – тарых адистигинин И(б)-1-2024- тайпасынын студенти; Тема: Кыргыздардын салттуу куралы – айбалта. 3. Мусаева Аделя – тарых адистигинин И(б)-2-2024- тайпасынын студенти;
58 10:07 27-04-2026

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|