Жанылыктар

"Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик"

2026- жылдын 27- апрелинде ОшМУнун медицина факультетинде ФАКТ кафедрасынын доценти С.Давлатованын жетекчилигинде Кыргыз Республикасынын Президентинин "Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик" уңгужолу Жарлыгындагы милдеттерди аткарууга багытталган "Академиялык жазуу жана иш кагаздары - мамлекеттик тилде!" аттуу иш- чара өткөрүлдү. Анда 1- курстардын студенттеринен түзүлгөн "Билим" жана "Илим" командасы учурдагы актуалдуу талаптардан болгон академиялык жазуу жана иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү багытында билимдерин сынашты. Факультеттин деканы доцент К.Мамашарипов иш- чараны ачып, "Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик" уңгужолу Жарлыгынын максаты, маанисине кыскача токтолуп, студенттерге билим алуудагы изденүүчүлүк жана өнүгүүгө карай умтулган демилгелүүлүктү каалады. Ошондой эле иш-чарага факультеттер аралык кыргыз тили кафедрасынын башчысы доцент З.Каразакова баштаган окутуучулар, медицина факультетинин студенттери катышышты. Таймаш 7 баскычтык тапшырмалар боюнча уюштурулуп, эки топ академиялык тексттер, алардын өзгөчөлүктөрү боюнча суроолорго жооп берүү, илимий тексттерге карата анализ жасоо, иш кагаздарын сабаттуу жазуу ж.б. багытында күч сынашуу менен, көрармандарга жагымдуу таасир калтырды. Жыйынтыгында 110 упай топтоо менен, "Билим" тобу жеңишти багындырды. Факультеттин деканы доцент К.Мамашарипов студенттерге билим алуудагы бекем эрктүүлүктү, ийгиликтерди каалап, Ардак грамоталарды тапшырды.
85 14:13 27-04-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|