Европа эмдөө жумалыгына карата маалыматтык иш-чара өттү
17:52
27-04-2026
75
Европа эмдөө жумалыгына карата Өзгөн райондук жалпы дарыгерлик практика борборунун (ЖДПБ) Ден соолукту чыңдоо кабинети (ДЧК) тарабынан Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин студенттерине арналган маалыматтык иш-чара уюштурулду.
Иш-чаранын жүрүшүндө ДЧК адистери жана МСЭКБнын эмдөө боюнча жооптуу дарыгери Ж. Самидинов студенттерге эмдөөнүн мааниси, анын алдын алуудагы ролу жана 13 жугуштуу ооруга каршы эмдөөнүн артыкчылыктары тууралуу кеңири маалымат берди.
Иш-чара студенттердин саламаттыкты сактоо боюнча билим деңгээлин жогорулатууга жана эмдөөгө болгон оң көз карашты калыптандырууга багытталды.