News

Студент кыздар үчүн репродуктивдик ден соолук боюнча маалыматтык иш-чара өткөрүлдү

Өзгөн райондук жалпы дарыгерлик практика борборунун (ЖДПБ) Ден соолукту чыңдоо кабинетинин кызматкерлери жана гинеколог дарыгерлер тарабынан Ош мамлекеттик университетине караштуу Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин студент кыздары үчүн репродуктивдик ден соолук боюнча маалыматтык иш-чара уюштурулду. Иш-чаранын жүрүшүндө адистер кыз-келиндердин ден соолугун сактоо, эрте никенин кесепеттери, үй-бүлөнү пландоо, жыныстык жол менен жугуучу оорулардын алдын алуу жана жеке гигиенанын мааниси тууралуу кеңири маалымат беришти. Ошондой эле студенттерди кызыктырган суроолорго жооп берилип, пайдалуу кеңештер сунушталды. Бул иш-чара жаштардын репродуктивдик ден соолук боюнча маалымдуулугун жогорулатууга, туура жашоо образын калыптандырууга жана келечекте дени сак үй-бүлө курууга өбөлгө түзүүгө багытталды.
75 17:55 27-04-2026

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|