Новости

Профориентациялык иштер жүргүзүлдү

Ош мамлекеттик университетинин Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин окутуучулары тарабынан Кара-Кулжа районунун Кара-кочкор а/а Кара-кулжа а/а Ылай-талаа айыл аймактарында жайгашкан бир катар жалпы билим берүү мекемелеринде профориентациялык иштер жүргүзүлдү. Иш-чаранын негизги максаты — мектеп бүтүрүүчүлөрүнө кесип тандоодо туура багыт берүү, медициналык билим берүүнүн артыкчылыктары менен тааныштыруу жана келечекте саламаттык сактоо тармагында эмгектенүүгө кызыккан жаштарды колдоо болуп саналат. Жолугушуулардын жүрүшүндө окутуучулар колледжде окутулган адистиктер, кабыл алуу шарттары, окуу процессинин өзгөчөлүктөрү жана студенттер үчүн түзүлгөн шарттар тууралуу кеңири маалымат беришти. Ошондой эле студенттик жашоо, практикалык окуулар жана келечектеги жумуш мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө да түшүндүрмөлөр берилди. Мектеп окуучулары өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, тиешелүү жоопторду алышты. Мындай жолугушуулар жаштардын келечек кесибин туура тандоосуна өбөлгө түзүп, медициналык билим алууга болгон кызыгуусун арттырууда маанилүү роль ойнойт. Бул сыяктуу профориентациялык иш-чаралар мындан ары да улантылат.
73 18:19 27-04-2026

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|