Ош мамлекеттик университетинин Квалификацияны жогорулатуу институтунда Кытай Эл Республикасынан келген угуучулар үчүн уюштурулган орус тили курсу уланууда.
Учурда: Курстун жетинчи айы өтүп жатат. Бул убакыттын ичинде катышуучулар тилдик базасын бекемдеп, эркин баарлашуу деңгээлине жакындап калышты.
Тренер: Филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунун орус тили кафедрасынын окутуучусу, п.и.к., доцент Болотакунова Гульзат Жолдошбековна.
Тажрыйбалуу адистин жетекчилиги астында алар орус тилинин грамматикасын, лексикасын жана маданиятын терең өздөштүрүшүүдө.