Илим жумалыгы ЭАББП колледжинде: Студенттик илимий-практикалык конференциянын жыйынтыгы.
09:28
28-04-2026
77
2026-жылдын 23-апрелинде ОшМУнун Эл аралык билим берүү программалары колледжинде (ЭАББП) Илим жумалыгынын алкагында илимий-практикалык конференция жогорку деңгээлде уюштурулду. Иш-чара «Чет тили» жана «Котормо иши» бөлүмдөрүнүн илимий иштерге жооптуу окутуучулары Эркебаева Жыпар жана Калмуратова Тазагүл тарабынан даярдалды.
Конференциянын негизги максаты — студенттердин илимий потенциалын өнүктүрүү жана тажрыйба алмашуу болду. Студенттер өз баяндамаларын мыкты деңгээлде коргошту. Калыстар тобунун мүчөлөрү (Жумабаева А., Орозбаева А., Абдуматова С., Мадумарова Г., Нишанов Ч. жана Адиева Н.) тарабынан эң мыкты деп табылган баяндамаларга 1-, 2- жана 3-орундар ыйгарылып, акчалай сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле, иш-чаранын алкагында дубалгезиттердин конкурсу өтүп, жеңүүчүлөр ыраазычылык каттар жана баалуу белектер менен сыйланышты.