Новости

Кыргыз-Кытай факультетинин окутуучулары илимий конференцияда баяндама жасашты

2026-жылдын 22-апрелинде Чыгыш таануу институтунда “Илим айлыгынын” алкагында илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Аталган иш-чарада Кыргыз-Кытай факультетинин окутуучулары активдүү катышып, өздөрүнүн илимий баяндамаларын сунушташты. Конференцияда чыгыш таануу, лингвистика, филология жана конфликтология тармактары боюнча актуалдуу маселелер талкууланып, пикир алмашуулар жүрдү. Жыйынтыгында 100дөн ашуун илимий баяндамалар угулуп, атайын резолюция кабыл алынды.
98 10:56 28-04-2026

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|