Haber

Колледждин студенттери академиялык мобилдүүлүк алкагында тажрыйба алмашты

Ош мамлекеттик университетинин Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин “Фармация” адистигинин студенттери Ош аймактык медициналык колледжинде болушту. Иш-чара эки окуу жайдын ортосундагы өз ара кызматташуу жана академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында уюштурулду. Программанын жүрүшүндө болочок фармацевттер окуу процесси, лабораториялык иштердин жүрүшү менен жакындан таанышып, практикалык көндүмдөрүн арттырышты. Мындан сырткары, студенттер кесиптик тажрыйба алмашуу менен бирге, билим деңгээлин жогорулатууга жана жаңы чөйрөдө өз мүмкүнчүлүктөрүн сынап көрүүгө шарт түзүлдү. Бул демилге студенттердин кесипкөй адис катары калыптанышына жана окуу жайлар арасындагы достук, илимий байланыштардын бекемделишине багытталган.
76 18:27 28-04-2026

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|