Белград университетинде өткөн эл аралык конференцияга катышуу
03:13
29-04-2026
28
2026-жылдын 21–25-апрель күндөрү Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун директору, профессор Низамиев А.Г. Сербия мамлекетиндеги Белград университетинде өткөн «Аймактык өнүгүү системасында туристтик-рекреациялык комплекс» аттуу XIV эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты.
Конференциянын алкагында профессор пленардык жыйында «Кыргызстандагы жашыл экономиканын бир бөлүгү катары туруктуу туризм» темасында баяндама жасады.
Иш-чаранын жыйынтыгында Сербиянын география илимпоздору менен илимий байланыштарды чыңдоо жана мындан ары өнүктүрүү боюнча макулдашуулар жетишилди.