Жанылыктар

Поэзиялык кече

Автордук ырлардын жеңүүчүлөрү Ош мамлекеттик университетинде студенттер арасында иш-чаралар байма-бай өткөрүлүп турат. Ош мамлекеттик индустриалдык-педагогикалык колледжинде «Үмүт» чыгармачыл инсан бирикмеси тарабынан поэзиялык кече уюштурулду. Кечеде студенттер өз өнөрлөрүн көрсөтүп, көрүүчүлөрдүн алкыштарына ээ болушту. Поэзиялык кечеде жандуу үн менен обондуу ырлар аткарылып, Алыкул Осмоновдун ырлары көркөм окулуп, автордук чыгармалар менен тааныштырылды. Педагогика, искусство жана журналистика институтунан НО(б)-2-25 тайпасынын студенттери Тешебаева Рабия, Турдукулова Айыке, Насирова Сабина активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык кат менен сыйланышты.
57 04:46 29-04-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|