Жанылыктар

Ош шаарында колледждер аралык англис тили боюнча олимпиада өткөрүлдү

Ош шаарында колледждер аралык англис тили боюнча олимпиада өткөрүлдү 2026-жылдын 25-апрелинде Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык билим берүү программалары колледжинде Ош шаарынын колледждер аралык англис тили боюнча олимпиадасы өткөрүлдү. Олимпиадага Ош шаарындагы бир катар колледждердин студенттери катышып, англис тили боюнча билимдерин жана котормо жөндөмдөрүн сынашты. Катышкан колледждер: Эл аралык билим берүү программалары колледжи (чет тили жана котормо иши бөлүмдөрү) Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин Билим берүү инновациялары колледжи Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин колледжи Олимпиада 3 турдан турду: грамматикалык жана лексикалык тестирлөө, аудирование окуу, түшүнүү жана которуу (англис тилинен) сүйлөө (speaking) Жеңүүчүлөр: 1-орун — Каримжанова Гавхарой 2-орун — Шайдуллаева Алина 3-орун — Рахматуллаев Абдулмухсин Жеңүүчүлөрдүн ичинен: 1 жана 3-орун — Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин Билим берүү инновациялары колледжинен 2-орун — Эл аралык билим берүү программалары колледжинен Олимпиаданы уюштургандар: Акимжан кызы Мээрим, Эркебаева Жыпара, Тургунбаева Уулкан, Рыскулова Нургул, Осмонова Элиза. Бардык катышуучулар сертификаттар менен сыйланып, жеңүүчүлөр дипломдор жана белектер менен сыйланышты.
49 09:15 29-04-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|