2026-жылдын 27-апрелинде “Айтматовдун чыгармачылыгы дисциплиналар аралык илимий изилдөөлөрдө” деген аталышта өткөн студенттердин факультет аралык илимий семинарына теология факультетинин 4 студенти баяндамалары менен катышты:
1. Ахмаджанова Мухлиса (ТБ-1-25) “Виртуалдык дүйнөдө мусулмандын образы: иденттүүлүктү сактоо жана санариптик сыноолор”
2. Балтабаева Азиза (ТБ-1-25) “Социалдык тармактар жана жаштар: санариптик доордогу адеп-ахлак жана диний иденттүүлүк кризиси”
3. Базарбаева Ирода (ТБ-1-25) “Адеп-ахлактын калыптануусу жана социалдык тармактардын таасири”
4. Эрмекбаева Акинай (ТБ-1-25) “Жаштардын медиасабаттуулугу жана интернеттеги диний маалыматты туура кабыл алуу маселелери”
Баяндамалар адистикке ыкталып жазылгандыгы менен өзгөчөлөнүп, изилдөөчүлөрдүн аргументтери, азыркы учурдагы көйгөйлөр менен бирге каралгандыгы угуучулардын кызыгууларын жараттты.
Семинар багытына карай 4-секцияда иш алып барды. Аягында баяндамачыларга сертификаттар тапшырылды. Теология факультетинин окуу-усулдук иштеринин төрайымы Адылбек кызы Айсулуу модератор болду.
Семинар факультет аралык кыргыз тили кафедрасынын доценти Ф.Алиева, улук окутуучу Г.Толубаева, окутуучу У.Мураталиева тарабынан уюштурулду.