News

МФТИТ институтунда салтка айланган Илим жумалыгы башталды

27–30-апрель күндөрү өтөт.
Илим жумалыгын институттун директору, доцент Б. Азимов ачып, катышуучуларга ийгилик каалады.
ОшМУнун илимий иштер боюнча проректору, профессор Д.А. Турсунов куттуктоо сөз сүйлөп, институттун илимий потенциалы жогору экенин белгилеп, университеттин рейтингине кошуп жаткан чоң салымын баса белгиледи. Ошондой эле дүйнөгө атагы чыккан окумуштуулар ушул институтта эмгектенип жатканын өзгөчө белгиледи.
Институттун профессорлору И. Кенжаев, Г. Матиева, И. Ташполотов, А. Сопуев, Ж. Турсунбаев студенттерди илимге кызыгууга, илимий изилдөөлөр менен алектенүүгө чакырышты.
Ошондой эле аспирантура бөлүмүн жетекчиси, доцент Г. Анарбаева жана илим бөлүмүнүн жетекчиси, доцент жана Н.Курбанбаева да куттуктоо сөздөрүн айтышты.
Учурда 15 секция өз ишин улантып, 320дан ашуун баяндамалар жасалууда.
Жыйынтыгында мыкты баяндамалар дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышат.
Илим жумалыгыңыздар жемиштүү өтсүн!
33 10:59 29-04-2026

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|