Жанылыктар

Карьера жана өнөктөштүк күнү жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

2026-жылдын 28-апрелинде ОшМУнун Эл аралык билим берүү программалары колледжинде (ЭАББП) «Карьера жана өнөктөштүк күнү» уюштурулуп, жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты — студенттердин жана бүтүрүүчүлөрдүн ишке орношуусуна көмөк көрсөтүү, ошондой эле иш берүүчүлөр менен өнөктөштүктү бекемдөө болду. Иш-чаранын алкагында Ош шаарында жайгашкан мекеме-ишканалардын өкүлдөрүнүн катышуусунда бош жумуш орундар жарманкеси өткөрүлдү. Жарманкеде иш берүүчүлөр өз уюмдары тууралуу маалымат берип, актуалдуу вакансияларын сунушташты. Колледждин бүтүрүүчүлөрүнө Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы, ошондой эле Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору тарабынан өлкө ичиндеги жана чет өлкөлөрдөгү бош орундар тууралуу маалыматтар берилди. Мындай иш-чаралар билим берүү менен өндүрүштүн ортосундагы байланышты чыңдап, бүтүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга салым кошот.
53 12:55 29-04-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|