News

"Мен жана дүйнө предметин окутууда сабактан, класстан тышкаркы иштерди уюштуруу" деген темада БББПМ профилиндеги 3-курстун студенттерине 12 жылдык билим берүүнүн алкагында, 5Е модели менен ачык лекция өттү

2026-жылдын 28-апрель күнү, 3-парада ПИжЖ институтунун жамаатынын катышуусунда башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасынын доценти, биология илимдеринин кандидаты Минабар Абдувайитовна Шайимкулова "Мен жана дүйнө предметин окутууда сабактан, класстан тышкаркы иштерди уюштуруу" деген темада БББПМ профилиндеги 3-курстун студенттерине 12 жылдык билим берүүнүн алкагында, 5Е модели менен ачык лекция өттү. Окулган лекция замандын талабына ылайык пландаштырылгандыктан, студенттер алдын ала темага даяр болуу менен баштапкы жалпы билим берүү деңгээлиндеги 1-5-класстардын окуучуларын окутууда сабактан, класстан тышкаркы иштерди уюштуруу менен мекенчилдикке, чынчылдыкка, жоопкерчиликтүүлүккө, боорукердикке, эмгекчилдикке, жаратылышка аяр мамиле жасоого жана туруктуу өнүгүү принциптерин карманууга үйрөтүү мүмкүнчүлүгүн ачып бере алышты. Лектор М.Шайимкулова жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартындагы адамзаттын 7 баалуулугуна окутуп-тарбиялоодо окутуунун бул формасы чоң мааниге ээ экендигин баса белгиледи.
45 03:41 30-04-2026

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|