Студенттердин турмуш-тиричилиги жана коопсуздугу көңүл борборунда
03:52
30-04-2026
167
ОшМУнун Медициналык колледжинин «Фармацевтикалык дисциплиналар» ПЦКсынын окутуучулары бекитилген графикке ылайык, студенттер жашаган жатаканада кезектеги кеземетчиликте болушту.
Кеземетчиликтин алкагында төмөнкү иш-аракеттер жүргүзүлдү:
Турмуш-тиричилик шарттары: Студенттердин бөлмөлөрүнүн тазалыгы, санитардык абалы жана жашоо шарттары текшерилди.
Тартип жана коопсуздугу: Жатакананын ички тартип эрежелеринин сакталышы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, коопсуздук эрежелери эскертилди.
Тарбиялык маектер: Окутуучулар студенттердин окуудагы жетишкендиктери, бош убактысын туура пайдалануусу жана социалдык адаптациясы боюнча жеке маектерди өткөрүштү.
Бул иш-чаранын негизги максаты — студенттерге үйдөгүдөй жылуу маанай түзүү жана алардын окуудан тышкаркы турмушун көзөмөлдөө болуп саналат.