Рысбеков Н.Р. «Жылдын мыктысы» наамына татыктуу болду
04:24
30-04-2026
34
ОшМУнун Медициналык колледжинин «Фармацевтикалык дисциплиналар» ПЦКсынын окутуучулар жамааты кезектеги сыймыктуу жаңылык менен бөлүшөт. ПЦКнын окутуучусу Рысбеков Н.Р. 2025-жылдагы спорт тармагындагы өзгөчө жетишкендиктери жана дене тарбияны жайылтууга кошкон зор салымы үчүн Ош облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгы тарабынан жогорку деңгээлде бааланды.
Рысбеков Н.Р. спорттогу жогорку көрсөткүчтөрү жана жаштарды сергек жашоого үндөгөн жигердүү ишмердүүлүгү үчүн «Жылдын мыктысы» медалиону менен сыйланды.
Бул сыйлык — агайдын көп жылдык талыкпас эмгегинин, спортко болгон чексиз сүйүүсүнүн жана келечек муунду тарбиялоодогу кошкон салымынын натыйжасы. Окутуучулук иш менен спортту ийгиликтүү айкалыштырып, облустук деңгээлде таанылганы — бүтүндөй колледждин жана биздин ПЦКнын кадыр-баркын көтөргөн окуя болду.
«Фармацевтикалык дисциплиналар» ПЦКсынын жамааты кесиптешибизди бул бийик сыйлыгы менен чын жүрөктөн куттуктайт!
Сизге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана ишиңизде мындан аркы албан-албан ийгиликтерди каалайбыз. Сиздин ийгилигиңиз — биздин студенттер жана жаш адистер үчүн чоң үлгү жана шыктануу булагы!