Жанылыктар

ДҮЙНӨЛҮК ЖЕҢИШ!

ОшМУнун Медициналык колледжинин «Фармацевтикалык дисциплиналар» ПЦКсынын окутуучусу, тажрыйбалуу спортчу Рысбеков Нурдөөлөт дүйнөлүк аренада кыргыз байрагын бийик желбиретти. 2026-жылдын 24-26-апрель күндөрү Түркиянын Стамбул шаарында өткөн Дүйнөлүк каратэ боюнча 16-чемпионатта Нурдөөлөт агай жогорку чеберчилигин көрсөттү. Дүйнөнүн 21 мамлекетинен келген эң күчтүү спортчулар катышкан бул абройлуу мелдеште, биздин кесиптешибиз ардагерлер арасында (55 жаштан жогорку курактагылар категориясында) күч сынашты. Көптөгөн татаал беттештердин жыйынтыгында, Нурдөөлөт Рысбеков татыктуу түрдө 2-орунду ээлеп, дүйнө чемпионатынын күмүш медалын багындырды. Бул жетишкендик — Нурдөөлөт агайдын спортко болгон берилгендигинин, талыкпас машыгууларынын жана темирдей бекем эркинин натыйжасы. 55 жаштан жогору куракта дүйнөлүк деңгээлдеги мелдеште байгелүү орунга ээ болуу — жаш муундар үчүн, өзгөчө биздин студенттер үчүн чыныгы эрдиктин жана сергек жашоонун үлгүсү болуп саналат. «Фармацевтикалык дисциплиналар» ПЦКсынын жамааты Нурдөөлөт агайды дүйнөлүк жеңиши менен чын жүрөктөн куттуктайт! Сизге бекем ден соолук, узун өмүр жана спорттогу жаңы бийиктиктерди каалайбыз. Сиздин жеңишиңиз — биздин ПЦКнын тарыхындагы алтын барактардын бири болуп калат!
38 04:29 30-04-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|