Эл аралык олимпиадада ОшМУнун студенти Мохидил Бахтиёрова 1-орунду багындырды
04:43
30-04-2026
46
Нарын медициналык колледжинде өткөн «Фармация: теория менен практиканын биримдиги» аттуу эл аралык олимпиада ОшМУнун Медициналык колледжинин «Фармацевтикалык дисциплиналар» ПЦКсы үчүн чоң жеңиш менен аяктады.
Кыргызстандын бардык аймактарынан жана Казакстандан келген эң мыкты студенттер катышкан бул абройлуу мелдеште, биздин студентибиз Бахтиёрова Мохидил Озоджоновна өзүнүн терең билимин жана кесиптик чеберчилигин жогорку деңгээлде көрсөтө алды.Жеңиштин жыйынтыгында I орун – Бахтиёрова Мохидил (ОшМУнун Медициналык колледжи). Студентибизге 1-орундун диплому жана 10 000 сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык салтанаттуу түрдө тапшырылды.
Бул жеңиш — студенттин талыкпас изденүүсүнүн жана ПЦКнын окутуучулар жамаатынын берген сапаттуу билиминин натыйжасы. Олимпиаданын алкагында студенттер теориялык суроолорго жооп берип эле тим болбостон, фармацевтикалык практикалык көндүмдөрүн да сынап өтүштү.
Мохидилди жана аны даярдаган окутуучуларды бул зор ийгилиги менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Сиздердин жеңишиңиздер — ОшМУнун жана биздин ПЦКнын аброюн эл аралык деңгээлде дагы бир ирет тастыктады.